Чавушоглу-Боррель сүйлөшүүсү
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Чавушоглу Боррель менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна Түркиянын Орусияга болгон таасирдүүлүгүн колдоно аларын үмүт кылганын билдирди.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Чавушоглу Боррель менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы окуялар талкууланды.
Боррель министр Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу социалдык медиадан маалымат берди.
Сүйлөшүүдө Украина данынын экспорту боюнча келишимге жетишүүдө жана «Орусиянын Украинага каршы агрессиясын» азайтуудагы Түркиянын ролуна басым жасаганын айткан Боррель: "Маанисиз согушту токтотуу үчүн Түркиянын Орусияга болгон таасирдүүлүгүнөн колдоно алат деген үмүтүмдү билдирдим»,-деди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.