Орус танктары Киевде көрсөтүлүүдө

Орусия менен 6 айдан бери согушуп жаткан Украина 24-августта Эгемендүүлүк күнүнүн бир жылдыгын белгилөөгө даярданып жатат.

1870710
Орус танктары Киевде көрсөтүлүүдө
kiev rus tank.jpg
kiev rus tank.jpg
kiev rus tank.jpg
kiev rus tank.jpg

Украина күчтөрү тарабынан согушта колго түшүрүлгөн орус армиясына таандык көп сандаган жарактан чыккан бронетехника борбор шаар Киевде көрсөтүлүүдө.

Орусия менен 6 айдан бери согушуп жаткан Украина 24-августта Эгемендүүлүк күнүнүн 31 жылдыгын белгилөөгө даярданууда.

Согуштан улам украиндер быйылкы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого мурдагыга караганда көбүрөөк маани беришүүдө.

Майрамдын алдында согушта колго түшүрүлгөн жана танк, моторлуу замбрик системалары сыяктуу көп сандаган жарактан чыккан бронетехника Киевдин Крещатик көчөсүнө жайгаштырылды. Миңдеген украиндер орус согуштук техникаларын көрүү үчүн Крещатик көчөсүнө барышты.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуш алгач борбор шаар Киевдин айланасында күчөгөн, азыр болсо өлкөнүн түштүгүнө жылган абалда.



Тектеш кабарлар