Франция-БАЭ кызматташтыгы
Энергетика тармагындагы стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлганы кабарланды.
![Франция-БАЭ кызматташтыгы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/836c/c978/b99d/62d6402e83546.jpg?time=1719173841)
Франция менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика тармагында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшканы маалым болду.
Франциянын Экономика министрлигинин билдирүүсүндө, энергетика тармагындагы стратегиялык өнөктөштүк келишимине БАЭнин президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын борбор шаар Парижге жасаган расмий сапарынын алкагында кол коюлганы кабарланды.
Билдирүүдө келишимдин эки өлкөнүн суутек, кайра жаралуучу жана атомдук энергетика тармагындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду аныктоону максат кылганы, ошондой эле жашыл долбоорлорду каржылоо үчүн биргелешкен фонд түзүү мүмкүнчүлүгү айтылганы белгиленди.
Ал арада Франциянын президенти Эммануэль Макрон Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Аль Нахайянды Елисей сарайында тосуп алып, кесиптешине өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы болгон Ардактуу Легион орденин тапшырды.
БАЭ декабрь айында Франциядан 14 миллиард еврого 80 даана Rafale согуштук учагын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон болчу.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719173841)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719173841)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.