Нигерияда менингит эпидемиясы: 65 адам каза болду
Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит аба аркылуу жугушу мүмкүн.
![Нигерияда менингит эпидемиясы: 65 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fc97/0462/64eb/612510991b7c8.jpg?time=1719097972)
Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигериянын Жигава аймагында менингит эпидемиясынан улам 65 киши каза тапты.
Жигава аймагынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкери Малам Самайла Махмуд, Нигерия-Нигер чек арасындагы Жигава облусунда өткөн айдан бери 280 менингит оорусунун учуру аныкталганын жана бейтаптардын 65инин каза болгонун билдирди.
Махмуд аймактын бир катар жерлеринде эпидемиядан улам көптөгөн адамдардын угуу жөндөмүнөн ажыраганын кабарлады.
Эпидемияга каршы чара көрүүлөр башталганын белгилеген Махмуд, моюн жана башы ооругандардын дароо ооруканага кайрылуусу керектигин эскертти.
Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит аба аркылуу жугушу мүмкүн.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719097973)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719097973)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.