Байден - Трюдо Россияга санкция, Украинага жардам тууралуу сүйлөшүштү
Россия - Украина согушунун негизинде эки лидер Россияга санкцияларды улантууга убада кылышты.
![Байден - Трюдо Россияга санкция, Украинага жардам тууралуу сүйлөшүштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0f91/662b/7810/62a2ea2a0118e.jpg?time=1719105581)
АКШнын президенти Жо Байден жана Канаданын президенти Жастин Трюдо Россияга каршы санкцияларды жана Украинага жардамды улантуу тууралуу маалымат беришти.
Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Байден жана Трюдо Лос Анжелестеги «Америка өлкөлөрүнүн 9 - саммитинин» негизинде жолугушуп аймактык кызматташуу, коронавирус эпидемиясы, миграция, тамак - аш коопсуздугу сыяктуу темалар каралды.
Россия - Украина согушунун негизинде эки лидер Россияга санкцияларды улантууга убада кылышты.
Байден жана Трюдо согуштан таасирленген миллиондогон украиналыкка экономикалык, өнүгүү жана гуманитардык жардам аракеттерине токтолуп, Украинага коргонуу боюнча жардамдарын улантышарына басым жасашты.
Россияга карата санкциялар тууралуу кызматташуусунан улам Канаданы куттуктаган Байден Трюдо менен айдын акырында Мадридде боло турган НАТО саммитинде жолугушууну күтүп жаткандыгын баса белгиледи.
Эки лидер жеткирүү чынжыры тууралуу да сүйлөшүп 2050 - жылга чейин “нөл көмүртек чыгаруу” максатын да талкуулашты.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719105581)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719105581)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.