Нидерландия орустарга таандык 13 яхтаны конфискациялады

Нидерландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстра жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдө 5 яхта чыгаруучу фирманын жалпы 13 яхтасынын Нидерландия бажысынын катуу көзөмөлүндө экендигин белгиледи.

1808305
Нидерландия орустарга таандык 13 яхтаны конфискациялады

Нидерландия Европа Биримдигинин Россияга каршы санкцияларынын алкагында Россиянын 13 яхтасын конфискациялады.  

Нидерландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстра жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдө 5 яхта чыгаруучу фирманын жалпы 13 яхтасынын Нидерландия бажысынын катуу көзөмөлүндө экендигин белгиледи.

Хоекстра узундугу 35 метрден ашкан 12 яхта бар экенин, алардын арасында курулуш иштери жүрүп жатканын, бирөөсүнүн кароодо экенин айтты.

Курулуп жаткан яхталардын менчик структураларынын иликтенип жатканын белгилеген Хоекстра яхталардын Европа Биримдигинин санкция тизмесиндеги орустарга тиешелүү эмес экенин белгиледи.

Министр Хоекстра каралып жаткан яхтанын Европа Биримдигинин санкция тизмесинде аты аталган бир киши менен байланышынын бар же жок экендиги изиленгендигин, 13 яхтанын баарынын колдонулушуна жана өлкөдөн чыгып кетишине уруксаттын берилбегендигин билдирди.

Вопке Хоекстра ошондой эле өлкөдө ушул убакка чейин 516 миллион евролук орус активинин тоңдурулганын жана 155 миллион евролук транзакцияга бөгөт коюлганын да айтты.



Тектеш кабарлар