БУУ: "Украинада кеминде 1430 карапайым тургун набыт болду"

Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу маалыматтар бөлүшүлдү.

1806902
БУУ: "Украинада кеминде 1430 карапайым тургун набыт болду"

Орусия-Украина согушу учурунда Украинада кеминде 1430 жаран каза болуп, 2097 жайкын тургун жаракат алды, кол салуулардан кийин 4 миллион 215 477 качкын коңшу өлкөлөргө кетти.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүндө, Украинадагы качкындар кризисине байланыштуу маалыматтар бөлүшүлдү.

Билдирүүдө 24-февралдан 3-апрелге чейин жарымынан көбү Польшага барган Украинадан 4 миллион 215 миң 47 баш калкалоочунун коңшу өлкөлөргө өткөнү белгиленди.

Коңшу өлкөлөрдөн Польша (2 миллион 451 миң 342), Румыния (643 миң 58), Молдова (394 миң 740), Венгрия (390 миң 302) жана Словакияга (301 миң 405) качкын өтүп, 21-23-февралда Донецк жана Луганск облустарынан 113 миң адам Орусияга кетти.

Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөн жүз миңдеген качкындардын бул жерден Европанын башка өлкөлөрүнө кеткени белгилүү.

БУУга караштуу Эл аралык миграция уюму да Украинанын ичинде 6,5 миллион карапайым тургундун жер которгондугун кабарлаган болчу.



Тектеш кабарлар