Кенияда кургакчылык
Өлкөдө азык-түлүк кризисинин күчөп баратканы билдирилди.
1799403
![Кенияда кургакчылык](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9439/db80/31d7/6225bd7448b1e.jpg?time=1719351608)
Чыгыш Африка өлкөсү Кенияда кургакчылыктан улам 3,1 миллион киши чукул азык-түлүк жардамына муктаж.
Кениянын ички иштер министри Фред Матианг басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, өлкөдө азык-түлүк кризисинин күчөп баратканын айтты.
Матианг кургакчылыктан улам 3,1 миллион кишинин азык-түлүк жардамына муктаж экенин, чара көрүлбөсө бул сандын 3,5 миллионго жетиши мүмкүн экенин белгиледи.
Акыркы жылдарда тарыхынын эң чоң чегиртке каптоосу менен күрөшүп жаткан Кенияда жамгыр мезгилиндеги жаан-чачындын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси күч алууда.