Чавушоглу Пакистанда

ИКУнун жыйыны 22-23-мартта Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.

1799399
Чавушоглу Пакистанда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-жыйынына катышуу үчүн Пакистанга барды.

Министр Чавушоглу аны тосуп алган түрк мекемелеринин өкүлдөрү менен кыскача маектешти.

ИКУнун жыйыны 22-23-мартта Пакистандын борбору Исламабадда өтөт.

Тышкы иштер министри Чавушоглунун Исламабадга сапарынын алкагында ИКУга мүчө өлкөлөрдөн кесиптештери менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.


Этикеткалар: #ИКУнун жыйыны

Тектеш кабарлар