Украина : "Россиянын олуттуу логистикалык көйгөйлөрү бар"

Украинанын Башкы штабынын Россиянын 24 - февралда Украинага карай баштаган кол салууларына байланыштуу билдирди.

1797792
Украина : "Россиянын олуттуу логистикалык көйгөйлөрү бар"

Украина Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн материалдык - техникалык жактан олуттуу көйгөйлөрү бар экенин билдирди.

Украинанын Башкы штабынын Россиянын 24 - февралда Украинага карай баштаган кол салууларына байланыштуу билдирүүсүндө, Украинанын аймагына кирген орус аскердик бөлүктөрүнүн кол салуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу түрдө жоготкондугу билдирилди. 

Маалыматта : "Баскынчы күчтөр кол салуу потенциалын жоготту жана бардык тарапта токтотулду. Душмандын логистика боюнча  олуттуу көйгөйү бар.  Жоготуулары улантылууда",- деп билдирилди. Ошондой эле маалыматта орус аскерлеринин жергиликтүү калкка карата согуштук кылмыш кылууну улантып жатышкандары баса белгиленди.

Украинанын Башкы штабы 24 - февралдан 18 - мартка чейин орус армиясынын жоготуулары боюнча маалыматтарды бөлүштү. 

Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 14 миң 200 аскер каза болуп, орустарга таандык 93 учак, 112 тик учак, 450 танк, 1448 бронетехника, 205 замбирек, 72 ракета аткыч системасы жана 43 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 879 унаа, 3 жеңил ылдамдыктагы кайык, 60 күйүүчү май ташуучу унаа жана 12 учкучсуз учуучу аппаратын да жоготту.

 

 

 



Тектеш кабарлар