Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөн качкындардын саны...

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди, Орусия-Украина согушунан улам 24-февралдан бери жер которгон жарандар тууралуу маалымат берди.

1791774
Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөн качкындардын саны...

 

Украинадан коңшу өлкөлөргө өткөн качкындардын саны 2 миллионго жетти.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди, Орусия-Украина согушунан улам 24-февралдан бери жер которгон жарандар тууралуу маалымат берди.

Гранди: «Бүгүнкү күндө Украинадан чыгып кеткен качкындардын саны эки миллионго жетти. Эки миллион»,-деп берди.

БУУнун маалыматы боюнча, украиналык качкындардын жарымынан көбү Польшага өткөн.

Польшадан кийин Венгрия, Словакия, Молдова, Румыния, Россия, Белоруссия жана башка Европа өлкөлөрү турат.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы Украинадагы кырдаал мындан ары курчуса, 4 миллионго жакын жайкын тургун өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар