Швеция жөнөткөн аскердик жардам Украинага жетти

Украина армиясына колдоо көрсөтүүлөр уланууда.

1790935
Швеция жөнөткөн аскердик жардам Украинага жетти

Швециянын башкы штабынын башчысы Микаэл Байден алар жөнөткөн аскердик жардамдын Украинага жеткенин айтты.

Өлкөсүнүн мамлекеттик телеканалы SVTге билдирүү жасаган Микаэл Байден, Украинага мурда жөнөтүлө турганы билдирилген 5 миң AT4 үлгүсүндөгү танк атуучу курал, болоттон жасалган 5 миң жилет, 5 миң аскердик каска жана 135 миң аскерге жете тургандай даяр тамак-аштын жеткирилгенин кабарлады.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде болсо Твиттердеги баракчасынан Украина армиясына берилген 50 миллион долларлык каржылык жардамдын да көздөгөн жерине жеткенин маалымдады.



Тектеш кабарлар