Путин өлкөлөрдү мамилелерди жөнгө салууга чакырды

Путин өлкөсүнүн Ленинград облусундагы Усть-Луга портундагы Маршал Рокоссовский паромундагы желек көтөрүү аземине видеоконференция аркылуу катышты.

1789966
Путин өлкөлөрдү мамилелерди жөнгө салууга чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин коңшу жана берки мамлекеттерди мамилелерди жөнгө салууга чакырды.

Путин өлкөсүнүн Ленинград облусундагы Усть-Луга портундагы Маршал Рокоссовский паромундагы желек көтөрүү аземине видеоконференция аркылуу катышты.

Украинага карата башталган кол салууга байланыштуу жаман ниеттери жок экенин баса белгилеген Владимир Путин, берки өлкөлөрдү Орусия менен мамилелерин нормалдашууга чакырды.

"Орусия башка өлкөлөрдүн терс аракеттерине гана жооп кайтарууда, мамилелерди жөнгө салуу жана кызматташуу түзүү керек" деген Путин: «Эгер кимдир бирөө биз менен кызматташууну каалабаса, ооба бул бизге зыян келтирет. Долбоорлорду жылдырып, аларды кийинкиге калтырышыбыз керек болот. Кошумча компетенцияларга ээ болушубуз керек, бирок ошондой болсо да токтоп калган ишти чечебиз, жада калса мындан пайдаланып, экономиканы өзүн-өзү актайбыз»,-деп айтты.

Орус лидери башка мамлекеттерге каршы экономикалык милдеттенмелерин аткарып жаткандарын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар