ДССУ Украинага 36 тонна медициналык жардам жөнөттү
ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, уюмдун Дубайдагы кампасынан учакка жалпы 36 тонна медициналык жабдык жүктөлдү.
![ДССУ Украинага 36 тонна медициналык жардам жөнөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/94f8/1b36/0d28/619ced1072f85.jpg?time=1719068543)
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Украинадагы жарандар үчүн медициналык жардамын ташыган жүк ташуучу учак Польшанын Варшава аэропортуна конду.
ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, уюмдун Дубайдагы кампасынан учакка жалпы 36 тонна медициналык жабдык жүктөлүп, Украинага коңшу өлкөлөрдөн Польшага жеткирилгени билдирилди.
Материалдардын арасында хирургиялык жардамга муктаж болгон 1000 адамга травматология шайман жана 150 миң адамга жете турган башка жабдуулар бар экендиги белгиленди.
Билдирүүдө көз караштары камтылган ДССУнун Тез жардам топторунун жетекчиси Флавио Салио, жардамдын Варшава аэропортунан Украинага жеткирилүүгө даяр экенин билдирип: "Жарадарларды айыктыра турган хирургиялык каражаттар жана башка ооруларга дары-дармектер бар"- деди.
Салио жардамдын фуралар менен Украина чек арасынан өтүп тиешелүү саламаттык сактоо мекемелерине жеткириле турганын маалымдады.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719068544)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719068544)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.