Ливан Украинадагы жарандарын эвакуациялады

Ливан айрым жарандарын Украинадан Румыния аркылуу эвакуациялады.

1788274
Ливан Украинадагы жарандарын эвакуациялады

Ливан айрым жарандарын Украинадан Румыния аркылуу эвакуациялады.

Ливандын расмий агенттиги NNAда орун алган кабарга караганда Украина  менен Россиянын ортосунда болгон согуштан улам начарлаган абалдан жабыркаган жарандарды эвакуациялоо иштери башталды. Кабарда араларында 40 студент да болгон Украинадагы жарандарын Румыния аркылуу учак менен өлкөгө алып баргандары билдирилип, так сан тууралуу маалымат берилген жок. 

Кабарда Ливандын жогорку гуманитардык жардам комиссиясынын төрагасы полковник Мухаммед Хайрдын : "48 сааттын ичинде Польшанын борбор шаары Варшава аркылуу  2 -  эвакуация аткарылат",- дегенине орун берилди. 

Ливандын Киев элчилигинин билдиргенине караганда Украинада 960 ливандык жашап жаткан жана  булардын көпчүлүгү согуштан улам эвакуация үчүн башка өлкөлөргө барышты.

 



Тектеш кабарлар