БУУдан Украинага 1,5 миллиард долларлык жардам убадасы берилди

БУУ Украинада согуштан жабыркандар үчүн кыска убакытта 1, 5 миллиард доллар жардам убадасынын берилгендигин жарыялады.

1788349
БУУдан Украинага  1,5 миллиард долларлык жардам убадасы берилди

БУУ Украинада согуштан жабыркандар үчүн кыска убакытта 1, 5 миллиард доллар жардам убадасынын берилгендигин жарыялады.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк пресс  - жыйынында БУУнун гуманитардык иштер жана чукул жардам координатору Мартин Гриффитстин Украина үчүн муктаж болгон 1, 7 миллиард долларлык жардам чакыруусунун 1, 5 миллиарды үчүн мүчө өлкөлөр жана өнөктөштөрүнөн убада алгандыгын билдирди.

Дужаррик : «Гриффитстин гуманитардык жардам чакыруулары үчүн 1, 5 миллиард доллар убада берилгендигин ырастады. Бул бир гуманитардык жардам чакыруусуна ушул кезге чейине берилген эң ылдам берилген жооптордун бири»,- деди.

Украина калкы үчүн колдоо көрсөткөн мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирген башкы катчынын басма сөз катчысы : «Ар дайым болгондой эле адамдарды жардам убадаларын ылдам түрдө аткарууга чакыруудабыз»,- деди.

Пресс  -  жыйынында БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы тарабынан Украинадан эвакуацияланууну күтүп  жаткан адамдар үчүн жардам материалдары жүктөлгөн жүк ташуучу  унаанын  жекшемби күнү баргандыгы жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алгачкы жүктөрүнүн Түркиядан жолго чыккандыгы белгиленди.

Дужаррик Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын билдирүүсүнө ылайык Украинада 24 – 28 - февраль арасында  136 жаран каза болуп, 536 адам жарадар болгонун белгиледи.

БУУнун Украинадан  Молдовага баш калкалаган 70 миңден ашуун качкындын муктаждыктары менен да алектенгендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар