Израиль Украинага гуманитардык жардам жөнөтөт
Израилдин Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.
Израиль Украинага 100 тонна гуманитардык жардам жөнөтө турганын жарыялады.
Израилдин Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта, министрликке караштуу Эл аралык өнүгүү жана кызматташтык агенттиги «Машав» тарабынан уюштурулган 100 тонна жардамдын бүгүн борбор калаа Тель-Авивдеги Бен Гурион аэропортунан жөнөй турганы белгиленди.
Билдирүүдө Украинадагы жарандар үчүн жөнөтүлө турган гуманитардык жардамдын ичинде 17 тонна дары-дармек жана медициналык жабдуулар, суу тазалоо системалары жана суу менен камсыздоо комплекттери, ошондой эле миңдеген чатыр, жууркан, уктоочу баштык жана кышкы кийимдер бар экени кабарланды.
Премьер-министр Нафтали Беннетт менен тышкы иштер министри Яир Лапид тарабынан чечим кабыл алынган бул жардамдын Польша аркылуу Украинага ушул аптада жеткирилери билдирилди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.