Кулеба: «Шартсыз жолугушуу да жеңиш болуп саналат»

Дмитрий Кулеба Орусиянын 24-февралдан бери уланып жаткан Украинага кол салуусу тууралуу чет элдик басма сөз өкүлдөрүнө баа берди.

1786701
Кулеба: «Шартсыз жолугушуу да жеңиш болуп саналат»

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба орус армиясынын удаасы менен жеңилүү ызасын тарткандан кийин эч кандай шартсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө ала тургандыктарын билдиргенин айтып: «Бул Украина үчүн эмитеден жеңиш болуп саналат», - деди.

Дмитрий Кулеба Орусиянын 24-февралдан бери уланып жаткан Украинага кол салуусу тууралуу чет элдик басма сөз өкүлдөрүнө баа берди.

Министр Кулеба кол салуу башталганда сүйлөшүүгө кызыкпаган Орусиянын чоң жоготууга учурай баштагандан кийин гана муну каалай баштаганына көңүл бурду.

Кулеба: «Орус армиясы катары менен жеңилүү ызасын тарткандан кийин алар алдын ала эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аларын бизге кабарлашты. Бул Украина үчүн эмитеден жеңиш болуп саналат»,-деп айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус делегациясы менен алар жайгашкан Беларустун чек арасында эч кандай шартсыз жолугушуу болорун билдирди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар