Украина: «Биз жеңебиз»

Киевден тышкары Харьков, Краматорск, Мариуполь, Николаев жана Одесса шаарларында удаама-удаа жардыруулар болду.

1784217
Украина: «Биз жеңебиз»
6217242e55ab2.jpg
rusya ukrayna.jpg
Donbas
rusya ukrayna.jpg

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба өздөрүн коргой тургандарын жана жеңе тургандарын айтты.

Дмитрий Кулеба: «Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага каршы кенен масштабдуу согуш баштады. Украинанын тынч шаарларында чабуулдар уланууда. Украина өзүн коргойт жана жеңет. Дүйнө жүзү Путинди токтото алат жана токтотушу керек. Иш-аракетке өтүү убактысы келди»,-деди.

Бир тараптан Владимир Путиндин Украинанын чыгышындагы Донбасста атайын аскердик операция баштаганын жарыялоосунан кийин борбор шаар Киев баш болгон өлкөнүн ар кайсы шаарларында жарылуулар угулуп жатат.

Киевден тышкары Харьков, Краматорск, Мариуполь, Николаев жана Одесса шаарларында удаама-удаа жардыруулар болду. Жооптуу кызматкерлер бул ызы-чуулар ракеталык чабуулдардан улам келип чыкканын жарыялашты.

Донбасс аймагындагы Краматорск шаарынын үстүнөн согуштук учактардын үнү угулду.

Орус аскерлеринин жикчил аймактардан ашып кеткени тууралуу эч кандай билдирүү жасалган жок.



Тектеш кабарлар