Доминикан Республикасында учак кулады
Кыйраган учактагы 7 жүргүнчү жана экипаждын 2 мүчөсү каза болду.
![Доминикан Республикасында учак кулады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4ea5/2d61/4b47/61baee0545d5a.jpg?time=1719197517)
Карибдеги арал өлкө Доминикан Республикасында кичинекей учактын кулашынан тогуз адам каза болду.
Жетекчилер борбор калаа Санта-Домингодогу Лас Америка аэропортуна чукул конууну каалаган учактын кулап түшкөнүн кабарлашты.
Кыйраган учактагы 7 жүргүнчү жана экипаждын 2 мүчөсү каза болду.
Учактын Доминикан Республикасындагы "Ла Исабела" эл аралык аэропортунан АКШнын Флорида штатына баруу үчүн көтөрүлгөнү белгилүү болду.
Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштери башталды.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719197518)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719197518)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.