Путин Донбасстагы окуяларды геноцидге окшоштурду

Путин Орусияда жайгашкан Жарандык коомду жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңеши менен видеоконференция аркылуу жолугушту.

1745781
Путин Донбасстагы окуяларды геноцидге окшоштурду

Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасстагы окуяларды «геноцидге окшош» деп билдирди.

Путин Орусияда жайгашкан Жарандык коомду жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңеши менен видеоконференция аркылуу жолугушту.

Жолугушууда Украина кризисине токтолгон Путин: «Орусия фобиясы - геноцид алдындагы биринчи кадам»,- деди.

Донбасста Орусияга карата фобия бар экенин айткан Путин: «Биз Донбасста эмне болгонун билебиз. Ал жердегилер сөзсүз геноцид сыяктуу көрүнөт. Бирок бул түшүнүктөр баасын жоготуп албаш үчүн кылдат иш-аракет кылышыбыз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар