Йеменде үч айда 170 жаран каза болду

Йемендеги Иран колдогонхусилер 2014 -  жыл сентябрь айынан бери  борбор шаар Сана жана айрым аймактардын көзөмөлүн колго алган.

1731221
Йеменде үч айда  170 жаран каза болду

Жарандык согуш болгон Йеменде үч айда 170 жаран каза болду.

Йемендеги БУУнун Гуманитардык жардам координация кеңсесинин твитттерден берилген маалыматында өлкөдө болгон кагылышууларда жарандардын оор күндөрдү өткөрүп жаткандыгы билдирилди.

Бул жылдын үчүнчү чейрегинде (июль, август, сентярь) куралдуу кол салуулардын натыйжасында 170 жарандын каза болгондугу, 359 жарандын да жаракат алгандыгы белгиленген маалыматта окуялардан өлкөдөгү эч бир  тарап жоопко тартылбады.

Йемендеги Иран колдогон хусилер 2014 -  жыл сентябрь айынан бери  борбор шаар Сана жана айрым аймактардын көзөмөлүн колго алган.

Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015 -жылдын март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүн колдоп келет. Өлкөдө 7 жылдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 230 000ден ашуун адам каза болду.


Этикеткалар: #Йеменде

Тектеш кабарлар