Кофенин пайдасы
5 миң киши катышкан изилдөө жүргүзүлдү.
Кофе ичүү мезгилдик депрессияга кабылуу коркунучун азайтат.
Италиядагы Катания университетинин изилдөөсү, кофе ичүүнүн маанайдын бузулушуна оң таасирин тийгизерин аныктады.
Күндүзгү жарык азыраак пайдаланылган күндөргө негизделген изилдөөгө; Британия, Италия, Финляндия, Германия жана Польшадан 5 миң киши катышты.
Ар 4 саатта бир чыны кофе ичкендердин алсыздык, депрессия, мотивацияны жоготуу жана кыжырдануу сыяктуу мезгилдик маанайдагы көйгөйлөрдөн азыраак жабыркаганы байкалды.
Изилдөө кофенин мээге стимулдаштыруучу таасир бергенин жана көңүл бурууну арттырып, эс тутумду колдой турганын аныктады.
Изилдөөгө катышкандардын 20 пайызы кофе ичкенден кийин маанайы жакшырганын айтса, 29 пайызы энергиялуу, 21 пайызы да сергек сезгенин жана көңүлүн оңой топтой алганын бидиришти.
Изилдөө жүргүзгөн илимпоздор, кофенин курамындагы микроэлементтер кандан мээге өтүп, мээде жаңы нейрондордун пайда болушуна жардам бере ала турганына далил тапканын айтышты.
Буга чейинки изилдөөлөрдө кофе ичүү инфаркт коркунучун азайтары аныкталган.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.