Кургак учукка байланыштуу өлүмдөр

ДССУ дүйнө жүзү боюнча 4,1 миллион адамдын кургак учук менен ооруганын жана бул сан 2019-жылы 2,9 миллионго жеткенин билдирди.

1720232
Кургак учукка байланыштуу өлүмдөр

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын саламаттык сактоо системасына тийгизген таасиринен улам кургак учуктан (туберкулёз) каза болгондордун саны он жылдан кийин биринчи жолу көбөйдү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) билдирүүсүндө, дарылоого мүмкүн болгон бул ооруга каршы күрөшүүгө багытталган аракеттердин азайганы баса белгиленди.

ДССУ дүйнө жүзү боюнча 4,1 миллион адамдын кургак учук менен ооруганын жана бул сан 2019-жылы 2,9 миллионго жеткенин билдирди.

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бул коркунучтуу кабар, миллиондогон адамдарга таасир эткен жана айыктырса боло турган оорунун диагнозуна жана дарылоого инвестиция салуу зарылдыгын эске салып жатса керек»,-деди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кургак учукка каршы күрөшүү программасынын директору Тереза ​​Касаева болсо өлүмдөрдүн акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу көбөйгөнүн баса белгилеп, күн сайын болжол менен 4100 өлүм менен кургак учуктун Ковид-19дан кийинки эң коркунучтуу жугуштуу оору экенин жана 2020-жылы болжол менен 1,5 миллион адамдын ушул себептен каза болгонун айтты.



Тектеш кабарлар