Россияда иштелип чыккан төртүнчү Ковид-19 вакцинасы катталды

18-60 жаш курактары үчүн колдонула турган вакцина кош бойлуу аялдарга берилбейт.

1698161
Россияда иштелип чыккан төртүнчү Ковид-19 вакцинасы катталды

Россияда коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан төртүнчү вакцинанын катталгандыгы жарыяланды.

Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин дарыларды каттоо системасындагы маалыматка ылайык, Вектор изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан "EpiVakKorona-N" аттуу вакцина катталды.

18-60 жаш курактары үчүн колдонула турган вакцина кош бойлуу аялдарга берилбейт.

Бул вакцина өнөкөт оорулары барлар үчүн коркунуч жаратышы мүмкүн экени айтылууда.

Ковид-19га каршы иштелип чыккан 4-вакцинанын клиникалык сыноолору 19-июлда башталганы билдирилген.

Россиядагы Гамалея изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан Россиянын биринчи Ковид-19 вакцинасы "Sputnik V" 2020-жылдын августунда, Вектордук изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан "EpiVakKorona" аттуу вакцина 2020-жылдын октябрында жана Чумаков борбору тарабынан иштелип чыккан "КовиВак" вакцинасы февраль айында катталган.



Тектеш кабарлар