ЮНИСЕФ: «Бир миллиард бала коркунучта»

Климаттык коркунучтардан улам балдардын өмүрү коркунучка кептелүүдө.

1694910
ЮНИСЕФ: «Бир миллиард бала коркунучта»

Дүйнөдөгү балдардын жарымы алар жашаган аймактын климаттык коркунучтары менен күрөшүүдө.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фондунун (ЮНИСЕФ) отчетуна ылайык, дүйнөдөгү балдардын жарымы башкача айтканда бир миллиардга жакын бала, климаттык коркунучтар жогорку болгон 33 өлкөдө жашашат жана бул балдар суу, саламаттык сактоо жана билим берүү сыяктуу негизги кызматтарга жетиштүү деңгээлде жете алышпайт.

Жашоо шарттары климаттык коркунучтарга кошулганда балдардын өмүрү коркунучка кептелүүдө.

Билдирүүгө ылайык, 920 миллион бала суу тартыштыгы, 330 миллион бала дарыя ташкындары менен күрөшүүдө.

600 миллион бала чымын жана кене сыяктуу жандыктар аркылуу жугуучу ооруларга кабылышат.

Борбордук Африка Республикасы, Чад, Нигерия, Гвинея жана Гвинея-Бисау коркунучта турган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында.

Адистер климаттын өзгөрүшү дүйнөдө киреше теңсиздигин начарлатып жатканын белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар