АКШнын Кабулдагы элчилиги Талибандын алга жылуусун алдын ала айткан

Талиптердин ылдам алдыга жылышы жана ооган коопсуздук күчтөрүнүн кыйрашы тууралуу департамент эскертилген.

1694404
АКШнын Кабулдагы элчилиги Талибандын алга жылуусун алдын ала айткан

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кабулдагы элчилигинин дипломаттары бир ай мурун мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге АКШ өлкөдөн чыгып кеткенден кийин эле Кабул талибдердин колуна өтүшү мүмкүн экенин эскертишкен.

«Street Journal» гезитинин АКШнын Мамлекеттик департаментинин бир кызматкерине таянып берген кабарына караганда, дипломаттар администрациянын чечимдерин сындоо үчүн колдонгон шифрленген канал аркылуу жөнөтүлгөн маалыматта, талиптердин ылдам алдыга жылышы жана ооган коопсуздук күчтөрүнүн кыйрашы тууралуу департамент эскертилди жана кризисти башкаруу аркылуу эвакуацияны тездетүү боюнча сунуштар айтылды.

 



Тектеш кабарлар