НАСА Марстын симуляциясында иштей турган талапкерлерди издеп жатат
Симуляциялардын НАСАнын Жонсон космос борборунда өткөрүлөрү маалымдалды.
Американын Улуттук авиация жана космостук агенттиги (НАСА) бир жыл бою Марстын симуляцияларында кызмат кыла турган экипаж мүчөлөрүн издеп жатканын жарыялады.
НАСАнын веб-сайтындагы билдирүүдө, 2022-жылдын күзүндө башталуусу пландалган бир жылдык симуляциялык миссияларга экипаж мүчөлөрү катары катышууну каалаган талапкерлер изделип жатканы кабарланды.
Симуляциялардын НАСАнын Жонсон космос борборунда өткөрүлөрү маалымдалды.
Симуляциялардын жардамы менен адамдардын Айга жана Марска космостук миссияларында ыктымалдуу көйгөйлөрдү алдын алуу жана чечүү үчүн технологияны иштеп чыгуу аркылуу изилдөөлөргө колдоо көрсөтүлүшү максатталууда.
НАСАнын алдыңкы тамак-аш технологиясын изилдөөчү илимпоз Грейс Дуглас аналогдук иштин өтө маанилүү экенин айтып: «Симуляциялар бизге астронавттардын космостук миссияларга кетер алдында туш боло турган физикалык жана психикалык кыйынчылыктарын түшүнүүгө жана аларга каршы турууга жардам берет», деди.
НАСА, симуляцияларга катыша турган 30 жаштан 55 жашка чейинки, англисче сүйлөгөн, дени сак, Америка жарандары же туруктуу тургундарды издеп жатат.
Экипажды тандоо, тандалган талапкерлердин арасында НАСАнын стандарттык критерийлерине ылайык жүргүзүлөрү айтылды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.