Сомалиде террордук уюм Аш-Шабабга операция жүргүзүлдү

Бул тууралуу Сомали армиясынын Твиттер эсебинен маалымат берилди.

1669669
Сомалиде террордук уюм Аш-Шабабга операция жүргүзүлдү

Сомалиде Аш-Шабаб террордук уюмунун 15 мүчөсү зыянсыздандырылды.

Сомали армиясынын Твиттер эсебинен берилген билдирүүдө Түркияда машыгып, Горгор деп аталган 6-атайын күчтөрдүн батальонунун Галмудуг провинциясындагы Эль Дхере шаарында Аш-Шабабга каршы операция жүргүзгөнү белгиленди.

Операцияда 15 Аш-Шабаб мүчөсү таасирсиз кылынгандыгы жана көптөгөн террористтер жаракат алганы, уюмга таандык маанилүү ок-дарылардын колго түшкөнү белгиленди.

Экинчи жагынан, аймактын тургундары операцияда 7 аскер жаракат алгандыгын билдиришти.


Этикеткалар: #Аш-Шабаб , #Сомалиде

Тектеш кабарлар