Столтенберг: «Биз керек болсо коркунучтардан өз союздаштарыбызды коргоого даярбыз»

14-июнда өтө турган НАТОнун маанилүү саммитинин алдында башкы катчы Столтенберг Германиянын Welt am Sonntag гезитине маек курду.

1652639
Столтенберг: «Биз керек болсо коркунучтардан өз союздаштарыбызды коргоого даярбыз»

НАТОнун саммитине бир нече күн калганда, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Биз керек болсо Минскиден жана Москвадан келиши мүмкүн болгон коркунучтан өз союздаштарыбызды коргоого даярбыз»,- деди.

14-июнда өтө турган НАТОнун маанилүү саммитинин алдында башкы катчы Столтенберг Германиянын Welt am Sonntag гезитине маек курду.

НАТОнун мүчөлөрү Россия менен Белоруссиянын ортосундагы кызматташтыкка олуттуу тынчсызданып жатышканын белгилеген Столтенберг: «Белоруссия барган сайын Россияга көз каранды болуп баратат»,-деп айтты.

Россия менен Кытайдын кызматташтыгына көңүл бурган Столтенберг, НАТО муну «олуттуу чакырык» деп эсептээрин баса белгиледи.

НАТОнун Орусияга «тоскоолдуктун жана диалогдун» негизинде жакындагандыгын белгилеген Столтенберг: «Кыйын күндөрдө биз коңшубуз Россия менен курал-жаракты көзөмөлдөө жана башка аскердик-саясий кыйынчылыктар жөнүндө сүйлөшүүнү уланта беришибиз керек. Эгерде бири-бирибиз менен сүйлөшпөсөк, анда биз пикир келишпестиктерди жөнгө сала албайбыз жана өз ара түшүнүшүүнү өркүндөтө албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар