Еврей отурукташуучулар Батыш Шериада 7 палестиналыкты жаралады

Оккупацияга алынган Батыш Шерианын түндүгүндө еврей отурукташуучулар палестиналыктарга кол салып 7 палестиналык жаракат алды.

1644358
Еврей отурукташуучулар  Батыш Шериада 7 палестиналыкты жаралады

Оккупацияга алынган Батыш Шерианын түндүгүндө еврей отурукташуучулар палестиналыктарга кол салып 7 палестиналык жаракат алды.

Селфит шаарына караштуу Дейрастия муниципалитетинин төрагасы Саид Зейдан маалымат берип Ытмар отурукташуу жерине барган бир группа еврейдин палестиналыктарга таандык дыйканчылык аянттары болгон Вади Гана аймагынан бодо малдар менен өтүүгө аракет кылгандыгын белгиледи.

Палестиналыктардын еврей отурукташуучуларга таандык малдар цитрус талааларына зыян келтире тургандыктан тараптардын ортосунда кагылышуунун чыккандыгын айткан Зейдан отурукташуучулардын палестиналыктарга таш, таяк жана калемпир газы менен кол салгандыгын айтты.

Чыккан окуяда 7 палестиналыктын жаракат алгандыгын,  Селфит жана Калкиля ооруканаларына алып барылгандыгын белгилеген Зейдан, 3 саатка жакын созулган окуяда Израиль аскерлеринин да еврей отурукташуучуларды коргоо үчүн аймакка баргандыгын билдирди.

Еврей отурукташуучулар акыркы учурларда малдарын палестиналыктарга таандык дыйканчылык аянттарында оттотуп, түшүмдөрүнө зыян келтире башташты.

Палестиналык жетекчилер Израиль аскерлери менен еврей отурукташуучулардын палестиналыктарды жерлеринен чыгаруу максатында Батыш Шерианын бир топ аймагында ушуга окшогон кол салууларды жасап жатышкандарын билдиришти.



Тектеш кабарлар