Таравих намазын Набавий мечитинде окуса болот

Каабанын имамы Шейх Абдуррахман ал-Судейс, Рамазан айында ишке ашырыла турган программа жөнүндө билдирүү жасады.

1604259
Таравих намазын Набавий мечитинде окуса болот

Сауд Арабиясынын жетекчилиги, Рамазан айында (12-апрелден 12-майга чейин) таравих намаздарын Мединадагы Набави мечитинде окууга болот деп билдирди.

Аль Харам жана Набави мечиттеринин төрагасы жана Каабанын имамы Шейх Абдуррахман ал-Судейс, коронавируска (Ковид-19) байланыштуу Рамазан айында ишке ашырыла турган программа жөнүндө билдирүү жасады.

Программанын алкагында Набави мечитинин таравих намазынан жарым сааттан кийин жабылары, эртең мененки намаздан 2 саат мурун ачыла турганы, Рамазандын акыркы 10 күнүндө мечит 24 саат бою ачык болоору айтылды.

Рамазан айында 45 миңи Набави мечитинин ичинде, 15 миңи да батыш тарабында жаңы курулган короолордо болуп жалпы 60 миң кишинин бир учурда намаз окуй ала тургандыгы билдирилди.

Былтыр Рамазан айында Меккедеги Хареми Шариф жана Мединадагы Набави мечитинде таравих намаздары жамаатсыз окула тургандыгы жарыяланган.



Тектеш кабарлар