Кытай Тайвань аба аянтында эреже бузду
Кытай акыркы жолу 24 - январда 15 учак менен Тайван аба аянтында эреже бузган.
Кытай армиясына таандык 5 учак Тайвань жарыялаган Абадан коргонуу идентификация аймагындагы эрежени бузду.
Focus Taiwanдын кабарына караганда коргоо министрлигинен берилген маалыматта Кытай армиясына таандык байкоо жана аскердик учактарынын түштүк батыштан өлкөнүн аба аянтына киргендиги белгиленди. Маалыматта ошол эле күнү АКШ аба күчтөрүнө таандык байкоо учагынын да аба аянтынын жакынынан учкандыгы билдирилди.
АКШга таандык учактын багыты билдирилбеген маалыматта 2020 - жылы сентябрь айынан бери Тайвань аба аянтына кирген биринчи АКШ учагы болгону тууралуу маалымат берилди. Маалыматта Кытайдын эреже бузуусунан кийин Тайвань аскердик учактарынын аймакка жиберилгендиги жана учактарга радио билдирүү аркылуу эскертүүнүн берилгендиги маалымдалды.
Кытай акыркы жолу 24 - январда 15 учак менен Тайван аба аянтында эреже бузган.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.