Британия бүгүн эмдөө жараянын баштады

Pfizer-BioNtec өнөктөштүгүндө иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасы эң биринчи 90 жаштагы Маргарет Кинанга сайылды.

1541586
Британия бүгүн эмдөө жараянын баштады

Британия бүгүн тарыхындагы эң ири эмдөө жараянын баштады.

Pfizer-BioNtec өнөктөштүгүндө иштелип чыккан коронавирус (Ковид-19) вакцинасы эң биринчи 90 жаштагы Маргарет Кинанга сайылды.

Кинан 91 жашка толордон бир жума мурун Британиянын борборунда Ковентридеги жергиликтүү ооруканада бүгүн эртең менен коронавируска каршы эмделди.

Өлкө боюнча биринчи этапта 400 миң адамдын эмделиши көздөлүүдө.

Эмдөө программасы ири борборлордон жана ооруканалардан башталат.

Айрым стадиондор жана спорт залдар сыяктуу ири жайлар да эмдөө үчүн колдонулат. Программага үй-бүлөлүк дарыгерлер жана дарыканалар да киргизилет.

Биринчи этапта Британиянын жалпысында 50 ооруканага жеткирилген вакциналар минус 70 градуста сакталууда.

Бельгиядан Британияга жөнөтүлгөн Pfizer-BioNtec вакциналары онлайн режиминде да көзөмөлдөнөт.

Вакцина 21 күн аралыгында эки доза түрүндө сайылат.

Карылар үйүндө жашаган 80 жаштан жогоруларга, карылар үйүндө иштегендерге жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине артыкчылык берилет.

94 жаштагы ханыша Елизавета II менен 99 жаштагы жолдошу принц Филипптин да келээрки апталарда эмделе турганы айтылууда.

Өлкөдө Ковид-19дан каза болгондордун саны 61 миң 434кө, вирус аныкталгандардын саны болсо1 млн 737 миң 960ка жетти.

Британиялыктардын көпчүлүгү коронавируска каршы күрөшүү темасында Британ өкмөтүн сындап жатышат. Сурамжылоого караганда, британиялыктардын 57 пайызы өкмөттү вирустун жайылышын көзөмөлдөө үчүн жетишсиз деп табышты.

Өлкөдө коронавирустук чектөөлөргө каршылыктар да уланып жатат.

Лондондогу белгилүү дүкөндүн филиалына кирүүнү каалаган беткапчан жүздөгөн жаштар көчөнү унаа кыймылына жабышты. Полиция окуяга кийлигишип 4 адам камакка алынды.



Тектеш кабарлар