Ооганстанда Талибан кол салуусу тыйыла элек

Газне губернаторлугунун басма сөз катчысы Вахидулла Жумазада, согушкерлер Дех-Як районунун борборуна бомба ташылган унаа менен кол салганын билдирди.

1478258
Ооганстанда Талибан кол салуусу тыйыла элек

Ооганстандын Газне провинциясындагы Дех-Як районунун борборунда Талибан согушкерлери тарабынан бомбалуу кол салуу болуп, 3 коопсуздук кызматкери каза тапты.

Газне губернаторлугунун басма сөз катчысы Вахидулла Жумазада, согушкерлер Дех-Як районунун борборуна бомба ташылган унаа менен кол салганын билдирди.

Кол салууда 3 коопсуздук кызматкеринин каза болгонун жана 9 кишинин жаракат алганын билдирген Жумазада, кол салуудан кийинки салгылашууларда  террористтер дагы жоготууга учураганын айтты.

Азырынча Талибан тараптан эч кандай билдирүү жасала элек.



Тектеш кабарлар