Бейруттагы жарылуунун чыгымы 15 миллиард доллар

Бейруттун губернатору Мерван Аббуд, Бейрут портундагы жарылуудан келтирилген зыяндын көлөмү 10-15 миллиард доллардан ашышы мүмкүн деп билдирди.

1469492
Бейруттагы жарылуунун чыгымы 15 миллиард доллар

Ливандын борбору Бейрутта болгон жарылуудан каза болгондордун саны 158ге жетти.

4-августта Бейрут портунда жардылуучу заттар жайгашкан №12 кампада өрт чыгып, андан кийин Бейрутту толугу менен титиреткен катуу жарылуу болуп өттү.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жарылуудан каза болгондордун саны 158ге көбөйүп, жаракат алгандардын саны 6 миңден ашты.

Бейруттун губернатору Мерван Аббуд, Бейрут портундагы жарылуудан келтирилген зыяндын көлөмү 10-15 миллиард доллардан ашышы мүмкүн деп билдирди.


Этикеткалар: #Бейрутта , #Ливандын

Тектеш кабарлар