Израилдеги демонстрациялар

Израилде миңдеген киши өкмөт коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөштү жүргүзө албагандыгын айыптаган акция өткөрүүдө.

1465674
Израилдеги демонстрациялар

Израилде миңдеген киши өкмөт коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөштү жүргүзө албагандыгы жана коррупция кылган деген негизде премьер-министр Беньямин Нетаньяхуга каршы демонстрация өткөрүштү.

Хаарец гезитинин кабарына ылайык, Нетаньяхунун кызматтан кетишин талап кылган өлкөнүн 260 ар кайсы жеринде, айрыкча Кудста жана Тель-Авивде нааразычылык акциялары улантылды.

Израилдин Коомдук телерадиоберүү компаниясынын (KAN) билдиргенине караганда, миңдеген адамдар Премьер-министрликтин Кудстагы резиденциясынын алдына чогулушту.

Нетаньяхунун кызматтан кетишин талап кылган Израилде 2 айдан ашык убакыттан бери демонстрациялар өтүп жатат.



Тектеш кабарлар