Британия семиздикке каршы күрөшүп жатат

Изилдөөлөргө караганда семирүү Ковид-19 үчүн маанилүү коркунуч фактору болуп саналат.

1463461
Британия семиздикке каршы күрөшүп жатат

Британияда өкмөт семиздикке каршы күрөшүп жатат.

Акциянын максаты коронавирустун жаңы түрүнө кабылуу коркунучун азайтуу болуп саналат.

Акциянын башында Ковид-19га каршы дарыланып жатканда 7 килограммга чейин арыктагандыгын билдирген Британиянын премьер-министри Борис Жонсон бар.

Изилдөөлөргө караганда семирүү Ковид-19 үчүн негизги коркунуч фактору болуп саналат.

Британиядагы акция бир топ маанилүү чараларды камтууда.

Буга караганда, телеканалдарда кечки саат 9га чейин керексиз тамак-аш жарнамаларына тыюу салынат.

Зыяндуу тамак-аштарды интернетте жарнамалоого тыюу салынышы мүмкүн жана арзандатуулар чектелет.

Менюларга калориялык белгилерди коюу милдеттүү болот. Үй-бүлөлүк дарыгерлер ашыкча салмактуу бейтаптарга "арыктоо" жөнүндө маалымат беришет.

Өлкө боюнча 35 миллионго жакын ашыкча салмактуу адамдар бар. Изилдөөлөргө караганда, семиз адамдардын 37 пайызы Ковид-19дан өлүп калуу коркунучунда турат.



Тектеш кабарлар