Трамптын патриоттуулук билдирүүсү
Трамп Твиттерден сынчыларга жооп кайтарды.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп социалдык медиа баракчасы Твиттерден өзүн “жаңы типтеги коронавируска олуттуу маани бербей жатат” жана “беткап тагынбай жатат” деп сындагандарга жооп кайтарды.
Өз билдирүүсүндө Дональд Трамп, пандемия башталгандан бери биринчи жолу бетиндеги маскасы менен түшкөн сүрөтүн бөлүшүп: «Биз бардыгыбыз көзгө көрүнбөгөн кытай вирусун жеңүү үчүн биргелешип иштештик. Кээ бирөөлөр социалдык аралыкты сактай албаган жерде маска тагуунун патриоттуулук экенин айтып жатышат. Эч ким менден мыкты патриот боло албайт, мен сиздердин сүйүктүү президентимин» деди.
Ковид-19 пандемиясында жуктургандар жана өлүмдөр көп катталган АКШда, Трамптын пандемия башталгандан берки саясаты талаш-тартыштарды жаратып келет.
"Карантинди узартпоо" жана "экономиканы мүмкүн болушунча эртерээк калыбына келтирүү" жөнүндөгү билдирүүлөрү менен элди нааразы кылган Дональд Трамп өзү катышкан жыйындарда беткап тагууну артык көрбөйт.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.