Ирактык эксперт кол салууга дуушар болуп көз жумду

Хишам аль-Хашими баш калаа Багдадда куралдуу кол салуудан көз жумду.

1450346
Ирактык эксперт кол салууга дуушар болуп көз жумду

Ирактын саясий жана коопсуздук боюнча эксперти Хишам аль-Хашими баш калаа Багдадда куралдуу кол салуудан көз жумду.

Ирактын Ички иштер министрлигинин басма сөз жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Саад Маан, Хашими Багдаддагы үйүнүн алдында өздүгү тактала элек адамдардын куралдуу кол салуусунан улам өмүрүнөн айрылды деп билдирди.

Хишам аль-Хашими «Иран колдогон Хизбуллах бригадасынын бутасы» болду деп айтылды.



Тектеш кабарлар