Йемен Бириккен Араб Эмираттарын күнөөлөдү

Мухаммед Кайзан Бириккен Араб Эмираттарын Йемен башкаруусунун Россияда бастырган акчаларын конфискациялоо менен күнөөлөдү.

1446244
Йемен Бириккен Араб Эмираттарын күнөөлөдү

Йемен информация министринин орун басары Мухаммед Кайзан Бириккен Араб Эмираттарын Йемен башкаруусунун Россияда бастырып чыгарган акчаларын конфискациялоо менен күнөөлөдү.

Кайзан твиттерден берген маалыматта Хадрамевтке караштуу Ел  - Мукелла шаарындагы эл аралык Реййан аэропортундагы Бириккен Араб Эмираттары күчтөрүнүн Мукелла шаарына кол салганын белгиледи.

Бириккен Ара Эмираттары күчтөрүнүн Россияда басылган акчалар болгон 5 контейнерди конфискациялаганын билдирген Кайзан бул жердеги сумма тууралуу маалымат берген жок.

Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилери күнөлөө тууралуу азырынча маалымат бере элек. Өлкөнүн жергиликтүү акча бирдиги Йемен рияли көптөгөн жылдар Россияда басылып жана деңиз жолу аркылуу Йеменге алып барылган.



Тектеш кабарлар