Moody's эпидемиядан кийинки туруктуу өзгөрүүлөр тууралуу билдирди
Moody's эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги жаңы тип коронавирус эпидемиясынын; экономикалардын, коомдордун жана фирмалардын иштерин түп тамырынан өзгөртө аларын жарыялады.
Moody's эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги жаңы тип коронавирус эпидемиясынын; экономикалардын, коомдордун жана фирмалардын иштерин түп тамырынан өзгөртө аларын жарыялады.
Moody'sтын тармактар аралык кредиттик шарттары отчетунда эпидемиядан улам бир топ чоң экономикада узун мөөнөттүү өсүүнүн күчсүздөнөрү, эпидемиянын экономикаларды, коомдордун жана фирмалардын иштерин түп – тамырынан өзгөртүшү мүмкүн экени белгиленди.
Пайыздык катнаштарынын дагы узун убакыт төмөн болууну улантары билдирилген отчетто глобалдык сооданын бөлүкчөлөр түрүндө болору, коргоочу глобалдык экономикалык тенденция күчөп, конкуренция ичиндеги жаңы экономикалык блоктордун пайда болору, жаңы соода чектөөлөрдүн киргизилери маалымдалды.
Керектөөчү көнүмүштөрүнүн да келерки мезгилде өзгөрүшү күтүлүп жатканы билдирилген отчетто иш дүйнөсүндө кээ бир өзгөрүүлөрдүн убактылуу, кээ бирлеринин да туруктуу болушунун күтүлүп жатканы билдирилди.
Отчетто туруктуу өзгөрүүлөргө кеңселер, учак каттамдары жана коомдук транспорт, дүкөндөрдүн соода - сатыгы менен тышта көңүл ачууга карата талаптын азайышы мисал катары көрсөтүлдү.
Өкмөттөрдүн жаңы социалдык милдеттери ортого чыга турганы баса белгиленген отчетто көбөйгөн жумушсуздуктун социалдык биргеликтин бузулушуна жол ачары, кээ бир өлкөлөрдө мекемелерге болгон ишенимдин азайышы мүмкүн экени билдирилди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.