Дональд Трамп шайлоо митингдерин баштайт

Трамп Ак үйдө Африка тектүү америкалык коомдун лидери менен жолугушкан терек стол жыйынында маалыматтарды берди.

1434001
Дональд Трамп шайлоо митингдерин баштайт

АКШнны президенти Дональд Трамп жаңы тип коронавирустан улам токтоткон шайлоо митингдерин 19 -  июнь жума күнү Оклахоманын Тулса шаарында кайрадан баштай турганын жарыялады.

Трамп Ак үйдө Африка тектүү америкалык коомдун лидери менен жолугушкан терек стол жыйынында маалыматтарды берди.

Ковид  - 19 эпидемиясынан улам эң акыркы шайлоо митингин 2 -  мартта өткөргөн Трамп : «Оклахома Ковид  - 19 менен күрөшүүдө мыкты иш аткарды. Биринчи митингди 1 9 -  июнь жума күнү бул жерде өткөрөбүз»,- деди. Трамп митингдердин Флорида, Түндүк Каролина жана Аризонада улантыларын белгиледи.

Бир тараптан Трамп 2020  шайлоосу үчүн расмий түрдө талапкер көрсөтүлө турган жана 24 – 27 -  августта Түндүк Каролинанын Шарлотт шаарында өткөрүлүшү пландалган Республикачыл партиянын конгрессинин башка бир аймкка алынышы мүмкүн экенин билдирди.

Түндүк Каролина губернатору Рой Купердн «кыймыл аянтын бербегенин» айткан Трамп : «Республикачыл партия конгрессин Түндүк Каролина тышына алып чыгуудан башка мүмкүнчүлүгүбүз болбой тургандай. Жаңы жерди жакында жарыялайбыз»,- деди.

АКШда республикчыл Трамп менен Демократ атаандашы Жо Байден ат салыша турган шайлоо 3 -  ноябрда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар