Коронавирус тооруп алган өлкөлөр андан кутулуунун жолдорун издөөдө...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 320 миң 600дөн ашты.

1419976
Коронавирус тооруп алган өлкөлөр андан кутулуунун жолдорун издөөдө...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 320 миң 600дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 917 миң 500дөн ашты. Ал эми 1 миллион 925 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

91 миң 985тен ашуун киши каза тапкан пандемиянын чордону АКШда индеец уруусу навахо улутунда киши башына түшкөн Covid-19ду жуктуруп алгандардын катышы Нью-Йорк жана Нью-Жерсиден ашты. Навахо улутунун башчысы Жонатан Нез, Аризона, Нью-Мексико жана Юта штатынын территориясында жашаган жергиликтүү коомчулукта Covid-19ду жуктуруп алгандардын санынын 4 миңден ашканын маалымдады. Drexel University Dornsife Коомдук саламаттыкты сактоо мектеби тарабынан жасалган изилдөөдө пандемия процессинде «үйдө бол» буйругуна баш ийилишинин өлкөдө 230 миңден ашуун кишинин каза болушунун алдын алганы маалымдалды. Президент Дональд Трамп, негизги реформалар жасалбаган учурунда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмуна (ДСУ) камсыздаган фонддорду 30 күндөн кийин «туруктуу түрдө» токтото турганын жарыялады. ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейеесуска жиберген катты Твиттер барагынан бөлүшкөн Трамп, ДСУнун Кытайдын Ухань шаарындагы абалды жетиштүү түрдө иликтебегенин шилтеме кылып, «ДСУ,2019-жылдын декбарь жана ал эмес андан мурда Уханда бир вирустун жайылганы жөнүндө кабарларды көрмөксөнгө салды»,деп жазды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министри Алекс Азар, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун чечимдерди кабыл алуу боюнча жогорку органы жана биринчи жолу видеоконференция ыкмасы менен баштаган 73-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Ассамблеясынын (DSA), "Бул уюм (вируска байланыштуу) дүйнө муктаж болгон маалыматты ала алган жок жана бул көптөгөн жоготууларга алып келди. " деди.

Ак үйдүн башкы доктуру Шон П. Конли, президент Дональд Трамптын жардамчысында Ковид-19 аныкталгандан кийин пайдасы тобокелдиктерден ашып түшкөндүктөн  сактык чарасы катары гидроксихлорохинди колдоно баштагандыгын айтты.

40 миллион калкынын саны менен эң жыш штат Калифорнияда жуктуруп алгандардын санында көрүнгөн төмөндөө боюнча экономикага кайтуу критерийлеринин жеңилдетиле турганын жарыялады. Нью-Йорктун губернатору Эндрю Коумо да, пандемиянын себебинен жоюлган спорттук иш-чаралардын, тараптарсыз кайрадан ойноло баштай турганын айтты. Өлкөдө пандемиянын себебеинен өндүрүштөрүнө чоң өлчөмдө тыныгуу берген автомобиль сектору болсо 2 айдай мөөнөттөн кийин ишин баштады.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дун себебеинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 160 пайызга артып 34 миң 796га жогорулады, жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миң 684кө артып 246 миң 406 болду. Саламаттык сактоо министри Матт Ханкок, парламентте сүйлөгөн сөзүндө симптом көрсөткөн 5 жашынан улуу ар кимдин эми тест жасата ала тургандарын жарыялады. Буга кошумча өлкөнүн Премьер лигасынын клубдары бүгүндөн тарта майда топтор түрүндө машыгууларын баштоо чечимин чыгарды.

Италияда пандемиядан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 99га көбөйүп 32 миң 7ге жогорулады. Каза болгондордун саны 9-марттан бери алгач ирет 100дөн кем болгон өлкөдө, бейтаптардын саны болсо 798ге кыскарып 66 миң 553кө түштү. Нормалдашууга этияттуу кайткан Италиянын борбор шаары Римде жабык туруу чечимин чыгарган айрым ишканалардын витриндерин «Өкмөттүн жардамы болбостон 18-майда ача албайбыз. Миңдеген жумушчу тобокелчилик астында» деген девиздер менен жапкандары көңүл бурду.

Францияда Ковид-19дун себебеинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 131ге көбөйүп 28 миң 239га, жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 саатта 496га көбөйүп 216 миң 526га жогорулады.

Испанияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 59га көбөйүп 27 миң 709га жетти.

Бельгияда пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны 9 миң 108ге, жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 сатта 232ге көбөйүп 55 миң 791ге жогорулады. Тышкы иштер министри Филипп Гоффин «Ле Соир» гезитине берген маегинде өлкөсүнүн ЕБ Комиссиясынын сунуш токтомунун багытында каалгаларын ЕБнин атуулдарына баскычтуу түрдө ачууну пландаганын билдирди.

Канадада коронавирустун себебинен каза болгондордун саны акыркы 48 сатта 161ге көбөйүп 5 миң 943кө жогорулады.

Данияда өкмөттүн нормалдуу турмушка кайтуунун 2-баскычын баштоосунан кийин чиркөө жана мечиттерде тобу менен сыйынууга уруксат берилди. Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн себебеинен 13-марттан бери жабык турган мечиттер кайрадан сыйынууга ачылды.

Нидерландияда пандемиянын себебеинен каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 21 кишиге көбөйүп 5 миң 715ке жетти.

Барзилияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 674кө көбөйүп 16 миң 792 болду.

Эквадордо Ковид-19дан акыркы 24 саатта 63 киши каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 2 миң 799, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 400гө көбөйүп 33 миң 582ге жогорулады.



Тектеш кабарлар