Ак үй : Ковид - 19дун Ухандагы лабораториядан чыгуу потенциалы бар

АКШда Ак үйдүө улуттук коопсуздук кеңешчиси Роберт О'Брайен : «Жаңы тип коронавирустун Ухандагы лабораториядан чыгуу потенциалы бар»,- деди.

1416390

О'Брайен Ак үйдө журналисттерге маалымат берди жана суроолорго жооп берди.

Кытайга карата Ковид  - 19 тууралуу жүргүзүлө турган териштирүү үчүн убакыт бере албай тургандыгын баса белгилеген О'Брайен буларды айтты : «Вирустун Ухандагы бир лабораториядан чыгуу потенциалы бар. Вирустун бир мал базардан чыкканын айтышууда. Экөөсүндө тең бул абал кытайлыктар үчүн жакшы нерсе эмес. Кытайдагы мал базарында жаныбарлар кыйноо көрүп жатат жана бул жердеги абал абдан начар. Бул жерлер тууралуу видеолорду көрсөңүз  абалдын канчалык таң калтыруучу жана коркунучтуу экенин көрөсүз».

Вирустун лабораторядан чыкканына байланыштуу колдорунда далилдин бар же жок экендиги тууралуу суроого жооп берген О'Брайен : «Бул вирустун Ухандан  келгендигинин билебиз»,- деди.

О'Брайен акыркы 20 жылда Кытайдан чыккан 5 эпидемиянын  дүйнөгө таасирин тийгигенин да эске салды.

Тектеш кабарлар