Сирияда ПКК/ЙПГ террористтеринин мыкаачылыктарынын бети ачылууда

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынынан маалымат берилди.

1407620
Сирияда ПКК/ЙПГ террористтеринин мыкаачылыктарынын бети ачылууда
mayin.jpg

Сириянын Африн районунун борборунда жарандар көп жашаган Ражу көчөсүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын бомбалуу кол салуусунан каза тапкандардын саны 40га жетти.Мыкаачылык кол салууда каа болгондордун 11и бала...

Улуттук коргоо министрлигинин террористтердин Африн районунун борборунда жарандар көп жүргөн Ражу көчөсүндө бомба жүктөлгөн дизелдик танкери менен кол салуусу тууралуу жазуу түрүндөгү маалымат бөлүшүүсүндө: «Адамзат душманы ПКК/ЙПГ  Афринде кайрадан карапайым жарандарды бутага алды. Африн шаарынын борборунда жарандар көп жүргөн аймакта бомба жүктөлгөн дизелдик танкер менен кол салган террористтер, алгачкы белгилөөлөргө караганда 11и баладан турган 40 бейкүнөө жаранды кыргынга учуратты, 47 жаранды жаралады»,делди.

Бир тараптан «Тынчтык булагы» аймагында жарандарды бутага алып тузак салынган анти-танк минасы зыянсыздаштырылды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер барагынан берилген бөлүшүүсүндө буларга орун берилди: «Бомбалуу кол салуулар менен бейкүнөө жарандарды бутага алган террордук уюм ПКК/ЙПГ тузак салган миналарды тазалоо уланууда. Тынчтык булагы аймагында жарандарды бутага алып тузак салынган анти-танк мина баатыр десанттарыбыз тарабынан табылып зыянсыздаштырылды».


Этикеткалар: #ПКК/ЙПГ , #Сириянын

Тектеш кабарлар