Коронавирустан кутулуунун жолдорун издеген өлкөлөр...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 178 миң 677ге жетти, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 576  миң болду.

1403745
Коронавирустан кутулуунун жолдорун издеген өлкөлөр...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 178 миң 677ге жетти, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 576  миң болду. Ал эми 704 миңден ашуун киши айыгып чыкты.

Кытайда 4 миң 632 киши вирустун себебинен каза тапты, жуктуруп алгандардын саны 82 миң 788 болду.

Түштүк Кореяда Ковид-19дун себебинен каза тапкандар 237ге жогорулап, жуктуруп алгандардын саны 10 миң 694кө жетти.

Жапониянын Нагасаки шаарында оңдоо үчүн токтотулган Италиянын жүргүнчү кемеси Коста Атлантиканын 34 кызматкерине коронавирус жуккандыгы белгиленди.

Каза болгон учур катталбаган Вьетнамда жалпы жуктуруп алгандардын саны 268 болду. Пандемиянын себебинен өлкөдө ишке ашырылган чектөөлөрдүн жеңилдетиле турганы жарыяланды.

Иранда жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 94кө көбөйүп 5 миң 391ге, жуктуруп алгандардын саны 1194кө көбөйүп 85 миң 996га жогорулады.

Израилде Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 197ге, 47 кишиде вирус аныкталышы менен бирге жалпы жуктуруп алгандардын саны 13 миң 930га жетти.

Вирустан көз жумган учур катталбаган  Сиерра Леондо президент Юлиус Маада Био, жан сакчыларынан биринде жаңы типтеги коронавирус аныкталганы боюнча өзүн карантинге алды.

209 киши каза болгон Пакистанда жуктуруп алгандардын саны 9 миң 749га жогорулады.

1160 киши каза тапкан Африка материгинде 23 миң 807 Ковид-19ду жуктурган учур катталды. Илдетке чалдыккан 5 миң 909 киши болсо айыкты.

Сенегалда вирустун себебинен 5 киши каза болду, жуктуруп алгандардын саны 164кө жетти. Президент Макки Салл, Африка материгинин карыз жүгүнөн куткарылышы боюнча чакыруусун жаңылап экономикалык жактан күчсүз жана Ковид-19дан кутула албаган Африканын бүткүл дүйнө үчүн коркунуч боло турганын белгиледи.

Сауд Арабияда Ковид-19дун себебинен рамазан айы бою Кааба да арасында болгон Меккедеги Месчиди Харам менен Мадинадагы Месчиди Небевиде тарава намазынын бул жерлерде кызмат кылган кызматкерлер, дезинфекциялоо иштерин ишке ашырган кишилер жана берки кызматкерлердин катышуусунда кыскартылып 10 рекет түрүндө окула турганы жарыяланды.

645 киши каза болгон Индияда Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 20 миң 178ге жогорулады. Пандемиянын жайылуусуна бөгөт болуу максатында 24-мартта жарыяланган өзгөчө абал тартиби  абанын жана суунун тазарышын камсыздады.

40 киши каза тапкан Ооганстанда жуктуруп алгандардын саны 1143кө жетти.



Тектеш кабарлар