«Вакцинасыз калыбына келүү болбойт»

Ларс Шааде жаңы тип коронавирустун вакцинасы табылбастан турмуштун калыбына келбей тургандыгын айтты.

1402664
«Вакцинасыз калыбына келүү болбойт»

Немис Роберт Кох институтунун төрага орун басары Ларс Шааде жаңы тип коронавирустун вакцинасы табылмайынча турмуштун калыбына келбей тургандыгын айтты.

Шааде борбор шаар Берлинде өткөргөн пресс  - жыйынында жалпы өлкөдө вируска карата көрүлгөн чараларга баш ийүү керектигин суранып : «Вакцинасыз калыбына келүү болбойт»,- деди. Ковид – 19 вирусу жуккан киши санын азайтуу үчүн аракет кылышкандарын айткан Шааде : «Акыркы бир канча жуманын ичинде көптөгөн ийгиликке жетиштик. Бирок абал дагы деле олуттуу. Эпидемиянын аягы жок. Тактап айтканда вирус кеткен жок. Бейтап саны кайрадан көбөйүшү мүмкүн»,- деп эскертти. Шааде коомчулукка коомдук унаалар менен коомчулукка ачык аянттарда бет кап тагууну сунуш кылды.



Тектеш кабарлар