Түндүк Корея ракетасын сынады
Бул туурасында Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги билдирди.
![Түндүк Корея ракетасын сынады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1d73/4521/58cc/5e9567ca6413c.jpg?time=1719097626)
Түндүк Корея Чыгыш деңизде (Япон деңизи) жаңы ракеталык сыноо өткөрдү.
Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин тийиштүү жетекчиси, Түндүк Кореянын эртең менен ракеталык сыноо өткөргөндүгүн билдирди. Сыноодо колдонулган ракетанын канаттуу ракета болушу мүмкүн экенин айтты.
Аты-жөнүн билдирбеген жетекчи, Түндүк Кореянын чыгышындагы сууларга карай абадан кургактыкка атылган ракеталардын санынын азырынча так эмес экенин да айтты.
Акыркы жолу 29-мартта Чыгыш Деңизде эки кыска аралыкка атуучу ракетасын сынаган Түндүк Корея сыноону "супер кең" бир канча ракета аткыч сыноосу деп атаган эле.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719097627)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719097627)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.