Дүйнөдө коронавирус: соңку абал

Дүйнөдө коронавирустун себебинен каза болгондордун жалпы саны 114 миң 272ге жетти.

1396924
Дүйнөдө коронавирус: соңку абал

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 114 миң 272ге жетип, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 853 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 430 миңден ашты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 1 миң 831ге өсүп 20 миң 608ге жетти. 530 миңден ашуун киши да вирусту жуктуруп алган өлкөдө Нью-Йорк 8 миң 650 өлүм жана 18 миң бейтап менен тизменин башында турат.

АКШда вирустун айынан ооруканага жаткырылган 45-65 жаш курактарынын арасындагы бейтаптардын 10дон бирөөнүн каза тапкандыгы аныкталды.  

Италияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 431ге көбөйүп 19 миң 899га жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны 102 миңден ашты.

Испанияда вирустун айынан 24 саатта 517 киши көз жумуп жалпы 17 миң 489га жетти.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 561ге өсүп 14 миң 393кө жетти. Вирус аныкталган киши саны болсо 132 миң 591 болду.

Англияда Ковид-19дун себебеинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 737ге көбөйүп 10 миң 612 деп катталды, ооруну жуктуруп алгандардын саны 5 миң 288ге өсүп 84 миң 279ге жеткен өлкөдө бүгүн мөөнөтү толо турган  карантиндин узартылышы күтүлүп жатат.

Германияда акыркы 24 саатта 126 киши көз жумуп, ооруга чалдыккандардын саны 123 миң 16га жогорулады.

3 миң 903 киши каза тапкан Бельгияда 30 миң 589 киши вирусту жуктуруп алды. 

Жаңы Зеландияда 5 адам каза тапты, 1 миң 349 кишиде вирус аныкталды.

Коронавирус 61 кишинин өмүрүн алган Австралияда 6 миң 322 киши ооруга чалдыкты.



Тектеш кабарлар